ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Көлмө” жаңы конушунда мыйзамсыз көтөрүлгөн дубал алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти “Көлмө” жаңы конушунун Максат көчөсү, №14 дареги боюнча жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип, тосмонун пайдубалын орнотуп алуу фактысы аныкталган.

Жеке турак-жай департаменти тарабынан 2014-жылдын 4-августунда “Бузуу жөнүндө” 000009 жазуу түрүндө эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, анын өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулган 224 чарчы метр алынып салынды жана жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.