ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз гематология илимий борборунун айланасы иретке келтирилди

Санитардык- экологиялык инспекциясы тарабынан кайрадан санитардык рейддин жүрүшүндө Кыргыз гематология илимий борборунунда эреже бузуулар катталган эмес.

Шаардын Биринчи май району боюнча өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Шакиров көчөсү, №4 дарегинде жайгашкан Кыргыз гематолгия илимий борборунунун айланасында газондорду өз убагында сугаруу, чөптөрдү чабуу иштери аткарылбайт. Кургак чөптөр өрттөлүп, бак-дарактарга жана башка өсүмдүктөргө зыян тийгизген. Кургак жана курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналгандыгы маалымдалган.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган борбордун директоруна протокол түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө борбордун жумушчулары тарабынан Кыргыз гематология илимий борборунун айланасы иретке келтирилип, санитардык абалы жакшырды. Андан тышкары тиричилик таштандыларын чогултууга таштанды салынуучу урналар орнотулду.

 

До

После