ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбор калаада КР Эгемендүүлүк майрамы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында 31-августта КР Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгы белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, шаар тургундары жана коноктор катышышты.

КР Эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чараны Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ачып, сөздү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге узатты.

«Кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн. Ынтымакты туу тутуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда ар дайым ийгиликке жетишкен. Ынтымактуу болсок өлкөбүзгө тынчтык орнойт. Күчтүү, өнүккөн, эркин мамлекетти курууга күчүбүз жетет. Анткени, бизде күчтүү коом бар. Элибиз эркин. Эң башкысы –Көз карандысыз мамлекетибиз бар»-деп белгиледи президент Алмазбек Атамбаев.

Калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 19.00до шаар тургундарына жана конокторго арналган эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара салюттардын коштоосунда жыйынтыкталды.