ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн жумада Бишкек тез жардам станциясы тарабынан 169 адам ооруканаларга жаткырылды

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунан 31-августуна чейинки мезгилде Бишкек тез жардам станциясына 3858 адам кайрылган. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.

Баардык кайрылуулардын ичинен 2904 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 769 адам ооруканаларга жаткырылды. Аталган мезгилде Бишкек тез жардам станциясында 218 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 233 бирдикти түзөт.

Катталган кайрылуулардын ичинен 33ү жол кырсыктары, жаракат алган адамдардан саны 49. Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 319 адам кайрылса, алардын 111и ооруканага жаткырылган, анын ичинен 52и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Респиратордук вирус инфекциясы менен 304 адам кайрылып, алардын 38и ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 30у 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Шаардык төрөт үйлөрүндө 358 төрөт катталса, алардын 63үнө гинекологиялык операция жасалды.