ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Кара жыгач багында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

31-августта шаардын Кара жыгач багында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов райондук балдардын чыгармачылык борбору, №32, 38-орто мектептердин, №1, 8-музыкалык мектептердин чыгармачыл жамааттары шаардыктарга майрамдык программадагы концерт тартуулашат. “Асфальтка сүрөт тартуу” конкурсу, искусство багытындагы көргөзмөлөр, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Майрамдык иш-чараларга шаар тургундары, Свердлов райондук администрациясынын, муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышат.

Майрамдык иш-чаралар саат 10.00до башталат.