ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардыктар өз кайрылууларын Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына калтыра алышат

Шаар калкы менен өз ара мамилени жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алуу үчүн “Сиздин сунуштарыңыз жана кайрылууларыңыз” аттуу рубрика түзүлгөн.

Ошону менен бирге “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтындагы “Шаардык кабылдама” жана “Элдик жаңылыктар”, АКИпресс маалымат агенттигинин “Мен репортермун” рубрикаларына келип түшкөн кайрылуулар менен иш алып баруу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Аталган рубрикаларга келип түшкөн кайрылуулар каралып чыгып, чараларды колдонуу үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга жиберилет жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка таркатылат.