ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мектептер жакын жайгашкан көчөлөргө жол белгилери түшүрүлдү

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардык мектептер жакын жайгашкан көчөлөргө жол белгилери түшүрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, жолдорго белгилерди түшүрүү иштеринде термопластикалык материалдар колдонулду. Шаардын Свердлов жана Ленин райондорунун төмөнкү мектептери жайгашкан жолдорго:

Бах көчөсүндө жайгашкан №55,72, 93- орто мектептердин, Л.Толстой көчөсүндөгү №7, 44 жаш техниктер мектебинин, Ак-Өргө жаңы конушундагыц Ашар көчөсүндө жайгашкан №77, Арча-Бешик жаңы конушундагы №79, Абай көчөсүндөгү №61, Интергельпо көчөсүндөгү №22, Бакай-Ата жаңы конушундагы № 85, Гоголь көчөсүндөгү №4, 65, Москва көчөсүндөгү №11, Токтогул көчөсүндөгү №68, Тыналиева көчөсүндөгү № 80, Жаш Гвардия бульварындагы №8, 29 жана Тынчтык пропектиндеги №58- мектептин алдында жол белгилери түшүрүлдү.

Ошондой эле, Биринчи май жана Октябрь райондорунун төмөнкү мектептери: Ахунбаева көчөсү №47, 60, 26, 88 - орто мектептери, Суеркулов көчөсү №17, Сухэ Батора көчөсү №39, Айтиев көчөсү № 63, Куттубаева көчөсү №56, Юнусалиева көчөсү №20, 37, Кара-Жыгач жаңы конушу №91, Касым жаңы конушу №83, Көлмө жаңы конушу №78, Ак-Босого жаңы конушу №81, Бөкөнбаев көчөсү №28, 67, 70 жана музыкалык мектеп интернаты, Фучика көчөсү №54, Москва көчөсү №13, Рухий-Мурас жаңы конушу №92, Чүй проспекти №52, Дэн-Сиопина көчөсү №50, 15, Жибек-Жолу №1 мектептери жайгашкан жолдорго жол белгилери түшүрүлдү.

Андан тышкары мектептерге жакын жайгашкан жолдорго “Балдар”, “Ылдамдыкты чектөө”, “Өтүүчү жол” белгилери орнотулду.

Жол бетине белгилерди түшүрүү жана орнотуу иштери “Коопсуз жол кыймылы” долбоору боюнча Кыргызстандагы Япония Элчилиги менен түзүлгөн гранттык келишимдин алкагында аткарылды.