ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Токтогул көчөсүндө жол оңдоо иштери талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө

Шаардын Токтогул көчөсүндө жол оңдоо иштери эки айдан бери улантылууда.

Жакында Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Валерий Диль жол оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгып, айрым кемчиликтер боюнча эскертүүлөрдү берди. Тактап айтканда, №5-мектеп-гимназиясына жакын унаа токтотуу жайынын, жашыл массивди сугаруу тармагынын жоктугу.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, жол куруунун техникалык эрежелерине ылайык, жол оңдоо иштери бак-дарактарды жана жашыл өсүмдүктөрдү сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Шопоков көчөсүнүн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү сугат лотоктору шаардын борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздайт. Лотокторду суу түтктөрү менен алмаштыруу сугат иштерин үзгүлтүккө учуратып, тазалоодо кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал.

№5-мектеп-гимназиясына жакын жерге унаа токтотуучу жай куруу окуучулар үчүн кооптуу жагдайларды түзөөрүн мектеп администрациясы билдирүүдө.

Азыркы учурда Токтогул көчөсүндө жолдун борбордук бөлүгүн, тротуарларды жана сугат тармактарын капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Аталган иш-чаралар көрктөндүрүүнүн биринчи этабы, ал эми экинчи этабы Бишкекбашкы архитектура тарабынан көчөгө курулуучу унаа токтотуучу жайларынын долбоорун иштеп чыгуу болуп саналат.