Баш калаа Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүдө
- Подробности
- Опубликовано 21.08.2014 11:47
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында, Бишкек шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүү белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чаралар шаардын борбордук “Ала-Тоо” аянтында, райондордо жана жаңы конуштарда да өткөрүлмөкчү.
Ленин райондук администрациясынын планы боюнча төмөнкү майрамдык иш-чараларды өткөрүү белгиленген:
* “Манас Айылы” этнографиялык комплексинде эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт, жергиликтүү товарлардын жарманкеси саат 11.00до башталат;
* “Фламинго” сейил багында жалпы майрамдык иш-чаралар, башталышы 11.00до;
* “Ак-Өргө” жаңы конушундагы кичи футбол боюнча мелдештер, башталышы саат 10.00до;
* “Арача-Бешик” жаңы конушунун Даван жана Акмарал көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан жерде кичи футбол талаасынын салтанаттуу ачылыш аземи, башталышы саат 10.00до.
Октябрь районунда:
* “Ата-Түрк” сейил багында майрамдык программадагы чоң концерт, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер;
* Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында кичи футбол, баскетбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештер;
* “Көк-Жар”, “Кара-Жыгач”, “Рухий-Мурас” жаңы конуштарында майрамдык концерттер.
Биринчи май районунда:
* Панфилов атындагы сейил бакта саат 12.00дон 14.00го чейин жалпы майрамдык иш-чаралар, чоң программадагы майрамдык концерт, спорттук мелдештер:
* Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында маданий-массалык иш-чаралар, улуттук спорт оюндары, улуттук тамак аштардын жарманкеси, концерттик программалар ж.б.
Свердлов районунда:
* “Бакай-Ата” жаңы конушунда, “Аламүдүн-1”, №30 - 36 кичи районунда майрамдык концерттер жана спорттук иш-чаралар;
* “Ак-Тилек” жаңы конушунда майрамдык концерттер жана спорттук иш-чаралар;
* “Чыгыш-5” кичи районунда маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |