ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы көчө кесилиштерин жашылдандыруу иш-чараларын баштады

Шаардын Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал жерге гүл өстүрүүчү үч клумба коюлуп: көз жоосун алган петуньялар, бархат гүлдөрү, тернариялар жана тегатистер отургузулду. Клумбалардагы гүл композициясынын борборуна отургузулган агава гүлү айрыкча көрк берип турат. Бул гүлдөр ысыкка жана кургакчылыкка чыдамдуу келет.

Гүл клумбалары мурдагы жеңилдетилген түрдөгү соода объекттеринин ордуна коюлду. Соода объекттерин ордунан алгандан кийин калган фундаменттер гүл клумбаларын коюу үчүн ылайыкташтырылды.

Свердлов райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Шаардын ар бир тилкесин жашылдандырып, көрктөндүрүү биздин милдетибиз. Көрктүү жана жашыл шаарыбыз шаар тургундарына жана конкторуна кубаныч тартуулайт деген ишенимдемин. Бул багыттагы иштерди чарба субъекттери менен биргеликте улантабыз”.

Райондук администрация районду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралардын планын кабыл алган. Азыркы учурда көп жылдык гүлдөрдү отургузуу үчүн дагы төрт клумба даярдалууда.