ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мектептеринде заманбап мультимедиялык техника менен жабдылган класстар түзүлөт

Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, “Samsung Smart School” долбоорунун алкагында өз ара кызматташтык жөнүндөгү мемарандумга кол коюу үчүн, Samsung Electronics компаниясынын башкы директору Чой Сын Сиг мырза менен жолугушту.

Аталган долбоордун максаты, Кыргызстандын орто мектептеринде заманбап мультимедиялык техникалар менен жабдылган инновациялык жана интерактивдик класстарды түзүүгө багытталган.

Шаар башчысы өз сөзүндө: “Балдарды окутуунун жаңы системасына даярдоо биздин максатыбыз. Биз мезгил талабынан калбастан, аны менен бирге алгалашыбыз керек”,- деди.

“Samsung Smart School” долбоорунун сынактык классын шаардын №93-орто мектебинде түзүү белгиленген. Мектепке электрондук мультимедиялык такта, ноутбук жана интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон клавиатуралуу 21 планшет акысыз берилет. Бул жабдуулар мугалим менен

окуучулардын ортосундагы байланышты жана маалыматтар менен алмашууну ылдамдатат.

Долбоордун сынактык класстыры окуу процессинде ийгиликтерге ээ болсо, класстарды жабдуу иш-чаралары Бишкек шаарынын мектептеринде гана эмес, жалпы республиканын мектептеринде улантылмакчы.