ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы Ала-Арча суусунун нугун тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 11-августунан баштап, Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы Ала-Арча суусунун нугун тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ала-Арча суусунун нугун механизациялык тазалоо иштери Жибек Жолу көчөсүнөн түндүк тарапты карай жүргүзүлүп, кум аралашмасы сыртка чыгарылууда.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 110 п/м аралык тазаланды жана 23 автоунаа кум аралашмасы шаардын Биринчи май районунун конуштарындагы жолдорду тегиздөөгө жумшалууда.