ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы тарабынан таштандыларды баш аламандыкта таштаган автоунааларды каттоо максатында видеокөзөмөлдөө камералары орнотулду

Свердлов райондук администрациясы Щербаков жана Мусорский көчөлөрүнүн кесилишине таштандыларды баш аламандыкта таштаган автоунааларды каттоо максатында видеокөзөмөлдөө камераларын орнотту.

Коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы А.Улукахуновдун билдирүүсү боюнча, жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, 6 үйдү тейлеген таштандылар аянтчасына таштандылар Биринчи май районунун жана Нижний Ала-Арча айылынын тургундары тарабынан ташталат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ИИББнын Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына, административдик чара көрүү максатында, таштандыларды таштоо эрежесин бузган 66 автоунаа мамлекеттик номерлери менен катталып, сүрөттөрү өткөрүлүп берилди.

Бул багытта иш-чаралар мындан ары да улантыларын Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.