ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жана Путраджай шаарларынын ортосунда кызматташтык мамилелери түзүлдү

Малайзия делегациясынын Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында, Бишкек жана Путраджай шаарларынын ортосунда социалдык-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду.

Аталган меморандумга ылайык кызматташтыктын төмөнкү маанилүү багыттары аныкталды: Бишкек шаарында кургак тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана башкарууну жакшыртуу, шаар жолдоруна жол белгилерин түшүрүү, биргелешкен аракетте муниципалдык банк түзүү жана IT-технологиясын колдонуу менен калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү.

Меморандумга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Путраджай шаарынын мэри Асех бин Че Мат кол коюшту.