ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Малайзия делегаттары мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти

Бүгүн малайзиялык длегация Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен жоолугушту. Жолугушуу конструктивдүү, өз ара түшүнүшүү маанайында жана натыйжалуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар туризм жана банк сектору, өндүрүш, ошондой эле Бишкек шаарында гольф клубун куруу маселелерин талкуулады.

Путраджай шаарынын мэри Асех бин Че Мат туризмди өнүктүрүү багыттарын кеңири белгиледи. “Малайзиялыктар кышкы эс алуусун Швейцарияда өткөрүп келишет, сиздерде туризм чөйрөсү жолго коюлса, биздин мекендештер сиздердин өлкөнү тандап аларына толук ишенем”,- дейт Асех бин Че Мат.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З.Малабеков, малайзиялык делегациянын иш сапарынын жана сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, ыраазычылык билдирди. Бишкек шаарын Өнүктүрүү агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу А.Усубалиев биргелешкен аракеттер менен муниципалдык банк түзүү жана социалдык турак-жай куруу боюнча сунуш киргизди.

Жолугушуунун соңунда Путраджай шаарынын мэри өз ыраазычылыгын билдирди жана Путраджай шаарына кыргыз делегациясын чакырды.