ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Ленин районунда кезектеги балдар аянтчасы ачылды

Баш калаанын Ленин районунда кезектеги комплекстүү балдар аянтчасынын салтантаттуу ачылышы болуп өттү.

Аталган аянтча - Бишкек шаарынын мэриясы жана “Газпром Нефть Азия” Жоопкерчилиги чектелген коомдун “Шаарга жашоо тартуулайбыз” деген аталыштагы биргелешкен социалдык долбоорунун алкагындагы төртүнчү балдар аянтчасы.

Салтанаттуу иш-чарага райондук администрациянын өкүлдөрү, шаар тургундары катышты. Катышуучуларга балдар чыгармачылык жамааттары ыр-бий тартуулашты. Жергиликтүү тургундар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жумабекова Д.С. жылдын аягына чейин Ленин районунун аймагында дагы төрт балдар аянтчасын ачуу белгиленип жаткандыгын билдирди.