ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыймылдуу мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү 2014-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.08.2013-жылкы №469-токтомуна ылайык кыймылдуу мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү 2014-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленгендигин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы эскертет. Салыктын өлчөмдөрү мурдагы боюнча калууда.

КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарында 300 миң автоунаа бирдиги катталган. Алардын 90 миң бирдиги республиканын башка аймактарында турат.

2013-жылы кыймылдуу мүлк боюнча шаардык бюджетке 210 млн. сом түшкөн. 2014-жылдын 1-августуна карата 90 млн. сом түштү.

Бишкек шаарынын мэриясы, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, 4-август 2014-жылы “Бишкек шаарынын аймагында кыймылдуу мүлккө салык төлөөнү көзөмөлдөөнү күчөтүү жөнүндө” №334-буйругун чыгарды. Аталган буйрукка ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери, КР Өкмөтүнүн №421-токтомун аткаруу максатында айдоочудан башка документтер менен бирге салык төлөө жөнүндө документти талап кыла алышат.

Салык төлөө жөнүндө документ жок болуп чыккан учурда, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери автоунаанын мамлекеттик номерин чыгарып же иш белгиленген тартипте каралганга чейин, автоунааны атайын токтотуучу жайда кармоого укуктуу.

Белгиленген мөөнөттө салык төлөнбөсө Мамлекеттик салык кызматы сот, укук коргоо органдарына кайрылуу жолу менен төлөтүүгө укуктуу. Ошондой эле өз убагында салык төлөбөгөн жарандардын ысымдары интернет сайттарга жайгаштырылып, коомчулукка маалыматтар берилет.

Бул жөнүндө маалыматты, бүгүн, 5-августта өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.Темиров жана Бишкек шаардык ИИББнын Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери М.Жумашов билдиришти.