ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн жумада Бишкек тез жардам станциясы тарабынан 775 адам ооруканаларга жаткырылды

Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан 3-августуна чейинки мезгилде Бишкек тез жардам сианциясына 3821 адам кайрылган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.

Баардык кайрылуулардын ичинен 2910 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 755 адам ооруканаларга жаткырылды.

Эске сала кетсек, Бишкек тез жардам станциясында 223 бригада иштейт, санитардык унаалардын саны 235 бирдикти түзөт.

Катталган кайрылуулардын ичинен 28и жол кырсыктары, жаракат алгандардын саны 46.

Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 360 адам кайрылса, алардын 90у ооруканага жаткырылган, анын ичинен 37и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Респиратордук вирус инфекциясы менен 269 адам кайрылып, алардын 35 ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 25и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Шаардык төрөт үйлөрүндө 578 төрөт катталса, алардын 95ине гинекологиялык операция жасалды.