ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы тарабынан баш калаанын Ленин району боюнча кезетеги санитардык текшерүүлөр өткөрүлдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Фрунзе көчөсү, 462 дарегинде жайгашкан “Кубат курулуш” Жоопкерчилиги чектелген коомунун айланасында курулуш жана тиричилик таштандылары баш аламандыкта ташталып, антисанитардык абал түзүлгөндүгү катталды. Түзүлгөн абал шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузгандыкка жатат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, СЭИ кызматы тарабынан “Кубат курулуш” ЖЧКнун директору А.Сулеймановдун атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.