ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын билдирет

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы Ленин районунун санитардык абалы боюнча кезектеги санитардык текшерүүлөрдү жүргүздү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, “Жал” кичи районунда жайгашкан “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин окуу корпусунун айланасына курулуш таштандылары баш аламандыкта ташталат жана өрттөлөт. Бул шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузууга жатат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында окуу жайдын ректору Себахаттим Балжы мырзанын атына, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө”  Кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.