ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясында дин багытындагы маселелерди түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Свердлов райондук администрациясында, Кыргыз Респубдликасынын дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү, райондук ички иштер башкармалыгынын 10-чу бөлүмүнүн, жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте «Эне-Сай», «Дордой» жана «Дордой-2» жаңы конушунун жашоочуулары менен жолугушуу өттү.

Бул чогулуш, калктын арасында дин багытындагы маселелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өттү.
Ушундай эле иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында Свердлов районунун аймагында жайгашкан башка жаңы конуштарда 30-июлда «Ак-Бата», «Келечек», 8-августта «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек - Турбаза», «Красный строитель», «Керамика», «Суворова-Дачная-Керченская», «Кайыңды», 21-августта «Учкунда» өткөрүлөт.