ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

22/04/2011 “Ататүрк” паркынын чындыгы.

“Ататүрк” паркы мурда “Дружба” деп аталып, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын ботаникалык багынын дендропаркы болуп эсептелчи. 1996-жылы Түркия мамлекетинин президентинин урматына анын ысымы ыйгарылып, “Ататүрк” паркы деп аталган.

Мурда паркты өнүктүрүү планы иштелип чыккан эмес жана анын чектери белгиленген эмес. Азыркы учурда парктын 74 га аянты бар, белгилей кетчү нерсе, парк мурда 107 га аянтка ээ болгон. “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Закир Коомбаевдин билдирүүсү боюнча 2005-жылы эле “Ататүрк” паркынан жер тилкелери жеке тандалма үйлөрдүн курулушу үчүн республиканын 135 жаранына бөлүнүп берилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасы, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган көптөгөн макалалардын негизинде,  борбордук “Ататүрк” паркындагы жер тилкелеринин берилишинин мыйзамдуулугун изилдөөдө. Прокурордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, 2008-жылдын 24-июнунда паркка тиешелүү аянттан мыйзамсыз жол менен, борбордун генералдык планына өзгөртүүлөрдү киргизбестен, мэриянын жетекчи кызматкелери тарабынан 11,31 гектар жер менчик турак үйлөрдүн курулушу үчүн алынып коюлгандыгы белгиленген. Ал эми мурдагы мэр Н.Тюлеевдин учурунда, шаар чиновниктери  Бишкек шаарынын мэриясынын 14.10.2009-ж. № 577-токтомунун негизинде “Ю-Ти-Ай Глобал” түштүк корея фирмасына ижара шартында пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө административдик-турак жай комплексинин курулуш долбооруна 5 га аянттагы жерди бөлүп беришкен. Тергөөнүн аныктоосу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78 беренесинин талаптары одоно түрдө бузулган жана ага ылайык коомдук пайдаланылуучу жерлер өзгөчө учурларда гана жеке жана юридикалык тараптарга ижара шартында, убактылуу объектилерди куруу максатында 5 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Атспорт федерациясынын вице- президенти М.Султановдун айтымында, ага 3,5 соток жер тиешелүү. Бирок ал, тиешелүү расмий кагаздары жок эле муниципалдык менчиктеги 1 га жерди ээлеп алып, жылкы кармап, өзүнүн фермердик чарбасын өнүктүрүүдө. Аянтты өз алдынча ээлеп алгандан тышкары, 200 чарчы метр жер келишимдин негизинде убактылуу курулуштар үчүн берилгендигин эске алганда да, аталган “Райдер” атспорт клубунун жетекчилиги  тарабынан пайдалануудагы жердин кыртышы керектен чыгарылып, жетилген дарактар кыйылган. “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын эклог-адистери  атспорт клубунун айланасындагы дарактар металл тросстору менен чырмалып, аёосуздук мене жок кылынгандыгын белгилейт. Жылкыларды кармоо максатында дарактардын кыйылышы ушул парка таандык экени шексиз. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча аталган клубдун ишмердигинин келтирген зыяны 100 000 сомду түзөт. Андан тышкары “Райдер” атспорт клубунан алыс эмес аянтта “Поло” оюну үчүн 30 соток жер даярдалууда. “Ататүрк” паркына жакын жерде жашаган шаар тургундары жана паркта эс алуучулар дарактардын кыйылып жок болушуна, экологиялык жана санитардык нормалардын сакталбашына кайдыгер карашпастан, жылкы сарайдын жытынан оолак болуп, таза абада маданиятуу эс алгылары келишет. Шаардык муниципалитеттин жумушчу комиссиясы мэриянын балансында турган парктарды (“Ататтүрк”, Фучик, Жаштык, Каражыгач жана Жаңгак бактары) текшерүүдө, “Ататүрк” паркындагы 18 аттракциондун 16сы менчикте экендигин, тилекке каршы, менчик ээлеринде алардын техникалык абалы жөнүндө кагаздары жок экендигин белгилейт. Бишкек шаарынын вице-мэри В.Красиенконун айтымында 2010-жылы аттракциондордун бир тобу ишке жараксыз абалда турган. Ошондон улам, шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында менчик ээлеринен аттракциондордун техникалык абалын тастыктаган кагаздар талап кылынган жана техникалык кортунду берилгенден кийин гана алар ишке киргизилери белгиленген. Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловдун жетекчилиги менен шаар мэриясы тарабынан шаардык парктарды өнүктүрүүнүн генералдык планы иштелип чыгууда жана анын ичинде “Ататүрк” паркы да камтылган. Генералдык планда парктын чектерин аныктоо, 20 жылдан бери иштебей турган дренаждык-сугат системасын калыбына келтирүү, дарактарды отургузуу, жаңы, заманбап атракциондорду куруу, жарыктандыруу, фотандарды жана аллеяларды куруу каралган. Учурдагы шаар жетекчиси И.Өмүркуловдун мурдагы жетекчилерден айрымасы, шаардык парктардын аймагынан, анын ичинде “Ататүрк” паркынан, менчик турак жайлар курулушу үчүн бир чарчы метр да жер бербегендиги.

 

 

 

 

 

 

  

 Директор МП "Зеленстрой" - Коомбаев Закир Казымкулович

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын байланыш Коомчулук

менен байланыш башкармалыгынын начальниги                  

Замирбек Абылаев