ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Быйлкы жылы шаардын 47 орто мектеби оңдоодон өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып шаардык мектептерде оңдоо иштери башталат. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Дүйшөмбиев билдирди.

Шаардык бюджеттин эсебинен мектептерди оңдоодон өткөрүү үчүн 24 млн. сом каралган, бул каражатка 47 орто мектеп оңдоодон өткөрүлмөкчү. Бюджеттик тартыштыктарга байланыштуу №56- мектепти оңдоо каралган жок, ошондой эле №25-мектептин имараты толугу менен кайра курууну талап кылат деп белгиледи вице-мэр.

Ошондой эле, капиталдык оңдоолорду талап кылган мектептерге каражат жетишпесе да, “Көк-Жар” кичи районундагы бала бакчанын курулушу аяктаарын айтты.