ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы шаарда баш аламан соода кылууга каршы рейддерди өткөрдү

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы, Жибек Жолу проспектинин Буденный жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан жерде автоунааларды сатуу боюнча мыйзамсыз соода жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Соода жеке менчик үйлөрдүн короолорунда гана эмес, жолдун жол кыймылы өтчү бөлүгүндө да жүргүзүлөт.

Рейддин жүрүшүндө, автоунааларды саткан адамдардын соода кылууга уруксат берген патенттери жок экендиги аныкталды. Соода жүргүзүлгөн үйлөрдүн короолору соода кылуу үчүн ылайыкташтаралган эмес.

Райондук ИИБ, Свердлов райондук Салык кызматы жана Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Протоколдор түзүлүп, баш аламандыкта соода кылууга тыюу салынары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.