ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада татар жана башкыр элдеринин “Сабантуй” улуттук майрамы майрамдалды

Өткөн дем алыш күндөрү, баш калаанын Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында татар жана башкыр элдеринин “Сабантуй” улуттук майрамы өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага КР Президентинин бөлүм башчысы М.Карыбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри А.Рыскулова, Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жетечиси Б.Мурзубримов, коомдук ишмер Р.Айтматова, Россия Федерацисынын Кыргызстандагы Элчилигинин, Татарстандан келген коноктор катышты.

“Сабантуй” майрамы массалык майрамдоолор, ыр-бий конкурстары, Татар Республикасынан келген артисттердин концерттик программасы менен коштолду.

Майрамдык иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын жана Россия Федерацисынын Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү.