ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаага сугат суу үч булактан берилет

Жай мезгили башталгандан бери баш калаага сугат суу белгиленген өлчөмдө бериле баштады. Баш калаага сугат суу үч булактан: “Ала-Арча” суусунан – 0,8 куб метр, “Аламүдүн” суусунан – 0,5 куб метр жана Чыгыш Чоң Чүй Каналынан – 1,0 куб метр берилет.

Берилүүчү сугат суунун жалпы көлөмү 2,3 куб метрди түзөт. Бул жөнүндө маалыматты “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасына билдиришти.

Жогоруда аталган үч булак шаардын төрт районун таза суу менен да камсыз кылат.

Мурда белгиленгендей, баш калаада жашыл массивди сугаруу үчүн сугат суу керектүү өлчөмдө берилбей келген. “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгына 4,6 куб метр сугат суу менен камсыз кылып туруу өтүнүчү менен кайрылган. Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы климаттык шарттарга жана Чүй облусунда айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугарууга  байланыштуу суунун керектүү өлчөмү менен камсыздай албай келгендигин билдирет.

Сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу  “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы гүлдөрдү жана өсүмдүктөрдү автоунаа менен сугарууну уюштурган.