ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук административдик комиссиясына 26 иштин материалдары жиберилди

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы тарабынан чарба субъекттерининин арасында ички суу чыгаруу каналдарынын коллектордук-дренаж тармактарына таштандыларды таштабоо жана аларды санитардык тазалоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Кызыл курулушчу”, “Ак-Тилек”, “Дордой” жана “Дордой-2” жаңы конуштарында суу чыгаруу каналдарынын коллектордук-дренаж тармактарын механизациялык жана кол менен тазалоо иштери аткарылды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 26 турак жай ээлерине коомдук саламаттык сактоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбагандыктары жөнүндө протоколдор түзүлдү. Баардык материалдар райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.