ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Түндүк электр” Ачык акционердик коому 65 млн. сомго “Акылдуу эсептегичтерди” сатып алууну белгилөөдө

“Түндүк электр” Ачык акционердик коому баардык абоненттерди “Акылдуу эсептегичтерге” которууну белгилөөдө. Бул жөнүндө маалыматты ишканадан билдиришти.

Энергетиктердин билдирүүсү боюнча, Бишкек, Кант шаарларынын жана Ысык-Ата райондорунун   абоненттерине, ошондой эле ири өндүрүш абоненттерине АИИСКУЭ үлгүсүндөгү эсептегичтер орнотулмакчы. Аталган жабдуулар пайдаланылган электр энергиясынын кубаттулугун аралыктан жөнгө салып туруу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Ишкана 65 млн. сомго “акылдуу” деп аталган эсептегичтерди сатып алууну белгилөөдө. “Түндүк электр” ААКу 5,7 миң үч фазалуу эсептегичтерди сатып алууга тендер жарыялайт. Андан тышкары,  CDMA-450 үлгүсүндөгү 300 эсептегич,  GSM үлгүсүндөгү 475 эсептегич, CDMA-450 үлгүсүндөгү 25 эсептегич сатылып алынат.

Тендердик өтүнмөлөрдү ачуу 18-июлда өткөрүлөт. Жабдуучу тарап эсептегичтерди сентябрь айында коймокчу.