ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада татар жана башкыр элдеринин улуттук “Сабантуй” майрамы өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда, шаардык Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында, Салтка айланып калган татар жана башкыр элдеринин улуттук “Сабантуй” майрамы өткөрүлөт.

Майрамдын программасына улуттук ыр-бий конкурстары, Татарстандык артисттердин концерти, улуттук тамак-аш сынактары киргизилген. Конкурстардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат.

Учурда Кыргызстанда 30 миңден ашуун татар улутунун өкүлдөрү жашашат.

Улуттук  “Сабантуй” майрамы Россия Федерациясынын Элчилигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Майрамдык иш-чаралар саат 11.00до башталат.

Эске сала кетсек, “Сабантуй” – татар элинин улуттук майрамы.  Майрам татар элинин тарыхы менен бирге башталат, элди эмгекти сүйүүгө үндөп, мол түшүм алууга тилек кылат.