Көрүү жана угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында шахмат боюнча мелдештер жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 26.06.2014 16:34
Азиздер жана дүлөйлөр коомунунун шахмат-шашки клубунда көрүү жана угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында шахмат боюнча квалификациялык мелдештер өткөрүлдү.
Мелдештерге эркектер, аялдар, өспүрүмдөр жалпысынан 46 спортчу катышты.
Шахмат боюнча квалификациялык мелдештер мыкты спортчуларды аныктоо жана алардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрү дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Угуу боюнча майыптар мелдешинде эркектер арасында биринчи орунга Э.Ким, аялдар арасында Ф.Биримкулова, кыздар арасында А.Калмуратова, көрүү боюнча майыптар мелдешинде эркектер арасында Т.Өмүрбеков, аялдар арасында С.Абдыкадырова, өспүрүмдөр арасында Т.Жолдошбеков жетишти.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |