ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарда баш аламандыкта соода кылууну жоюу боюнча мобилдүү топтор түзүлдү

Свердлов районунун аймагында жайгашкан үч базарда, курамына ЖӨБ, РИИБ жана Мамалекеттик салык кызматынын өкүлдөрү кирген, туруктуу топтор түзүлдү.

Аталган мобилдүү топтор шаардын базарларынын аймагында баш аламан соода кылууну жоюу максатында түзүлүүдө. Бул багытта иштер “Ак-Эмир”, “Аламүдүн” жана Борбордук универсалдык магазиндин жанындагы соодо борборунда жүргүзүлөт.

Мобилдүү топтор түзүлгөндөн тартып “Ак-Эмир” базарынан 35 миң сомдук товарлар соодадан алынды. Товарлар соттун чечими менен конфискацияланып, балдар үйлөрүнө бөлүштүрүлүп берилди. Бул жөнүндө Свердлов райондук администрациясынын экономика жана кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы К.Шайкидинов билдирди.