ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык кеңеши “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” Программасын бекитти

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги ХIII сессиясында депутаттар 2014 – 2018-жылдары Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү “Ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары” Программасынынын кайрадан иштелип чыккан долбоорун бекитти.

Программаны депуттаттардын кароосуна шаар башчысы К.Кулматов сунуштады. Ал Программа туруктуу комиссиялардын, фракциялардын, шаар тургундарынын, коомдук уюмдардын эскертүүлөрү жана толуктоолорун эске алуу менен кайрадан иштелип чыкканын белгиледи.

Программа эки бөлүмдөн турат, биринчи бөлүм – Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары, экинчи бөлүм – шаардык башкаруу системасын өркүндөтүү.

Шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары - “Коопсуз шаар”, “Ыңгайлуу шаар” жана “Ийгиликтүү шаар”. Программанын кайрадан иштелип чыккан вариантында белгиленген эскертүүлөр, толуктоолор эске алынды жана баардык үч багыт боюнча көйгөйлүү маселелер, учурдагы кырдаал киргизилди. Ошондой эле, “Ыңгайлуу шаар” бөлүмүнө “Турмуш тиричилик системалары” жана “Социалдык өнүктүрүү” бөлүмчөлөрү киргизилди.

Программаны ишке ашырууну башкарып жана текшерип туруу үчүн Координациялык Кеңеш түзүлөт жана анын курамына шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин фракцияларынын өкүлдөрү, шаардын мэри жана вице-мэрлери, райондук администрациялардын башчылары, бей өкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү киришет.

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгынын маалыматтары Бишкек шаардык кеңешинин жана коомчулуктун кароосуна 6 айда бир жолудан кем эмес сунушталып турат.