ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов турак үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин бөлүштүрүүнү токтотууну сунуш кылды

Бүгүнкү сессиянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов турак үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин бөлүштүрүүнү токтотууну сунуш кылды.

“Сөз турак үйлөргө тиешелүү жер тилкелеринин аймагын кеңейтүү жөнүндө болуп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана сиздердин карооңуздарга турак үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин бөлүштүрүүнү токтотуу маселесин сунуш кылып жатабыз. Себеи ал жер тилкелери аркылуу жер алдындагы баардык коммуникациялар өтөт. Ар кандай оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражат төлөөгө туура келет. Андан тышкары, турак үйлөргө тиешелүү жер тилкелери коммерциялык максатта да пайдаланылып жатат”,- деп белгиледи К.Кулматов.