ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардагы жашыл массивди сугаруу үчүн суу тартыш болууда

Шаардагы жашыл массивди сугаруу үчүн суунун тартыштыгынан улам сугаруу маселеси курч мүнөзгө ээ болууда деп билдирет Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы.

Чүй облусу аркылуу өткөн “Аламүдүн”, “Ала-Арча” сууларынан жана Чыгыш ЧЧК дан суу алуу кыйынчылыктарды жаратууда.

2014-жылдын 27-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен сугат суу менен камсыздоо жөнүндө келишим түзүп, алдын ала 100,0 миң сом төлөгөн. Бирок сугат суу менен камсыздоо тиешелүү көлөмдө жүргүзүлбөй келет.

Бишкек шаары үчүн секундасына 1,9 куб метр өлчөмүндө сугат суу берилип келет, бул көрсөткүч өтүнмөдө белгиленген 4,6 куб метрдин 40% гана түзөт. Суунун берилиши дайыма үзгүлтүккө учурап турат, мисалы 24-июнда сугат суу толугу менен берилген жок.

“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги сугат суунун берилиши боюнча маселени Чүй облустук, Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыктарынын жана Суу чарба департаментинин алдында коюп келүүдө. Тилекке каршы, маселе чечилбей келет.

Сугат суунун жетишсиздигинен улам шаардагы жашыл массив кургап баратат.