ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кийинки жумада эскирген бак-дарактарды кыюу иш-чаралары башталат

Бишкек шаардык кеңешинин ХIII кезектеги сессиясынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков кийинки жумада эскирген бак-дарактарды кыюу иш-чаралары башталарын билдирди.

“Бишкек шаарынын мэринин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Шаардагы мектептердин, бала бакчалардын айланалары текшерүүдөн өткөрүлдү. Шаар боюнча маалыматтарды жыйнап, кийинки жумадан тартып эскирген бак-дарактарды кыюу иш-чараларын баштайбыз. Ал эми кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу белгиленген”,- деди вице-мэр.