ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада балдар үчүн спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлөт

2014-жылдын 26-27-июнунда шаардык мектептерде уюштурулган жайкы эс алуу лагерлеринде спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлөт. Спорттук мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы КТРК менен биргеликте өткөрүүдө.

Спорт майрамына райондук мелдештерде жеңишке жетишкен окуучулар катышат. Спорттук мелдештердин салтанаттуу ачылышы 27-июнда саат 10.00 до “Дордой” спорт комплексинде өткөрүлөт.

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети балдар үчүн спорттук иш-чараларды жыл сайын өткөрүп келет. Спорттук иш-чаралардын максаты – балдардын жана өспүрүмдөрдүн көңүлдүү эс алышын уюштуруу, жаштар арасында массалык спортту жайылтуу, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо болуп саналат.