ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ШААРДЫК МЕКТЕПТЕРДИН 75 БҮТҮРҮҮЧҮСҮ “ӨЗГӨЧӨ ҮЛГҮДӨГҮ АТТЕСТАТ” АЛЫШты

Бүгүн, 2014-жылдын 24-июнунда 2013-2014-окуу жылынын “эң мыкты” бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы М.Аманкулов, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мектеп директорлору катышты.

Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшырды жана куттуктоо сөзүндө: “Сиздер, чоң турмуштун жолуна өлкөбүз үчүн татаал мезгилде аттандыңыздар. Коомубузда коррупция, жакырчылык, укуктук сабатсыздык менен күрөшүү жүрүп жаткан учур. Бизде нефть, газ, дүйнөлүк океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Бир сөз менен айтканда, биз континенталдык блокададабыз. Мындай шартта биздин жалгыз үмүтүбүз адам капиталына жана билим алуунун жогорку деңгээлине байланыштуу. Интеллекти бийик акылдуу, дилгир жана күчтүү адамдар биздин ишеничибиз. Бүгүн мына ушундай адамдар менен жолугуудабыз деген ишенимдемин. Анткени, Сиздер талыкпаган эмгегиңиздер менен баардык күчүңүздөрдү жумшап, алтын медалга ээ болдуңуздар.

Сиздердей адамдарга чындыкты айтуу зарыл. Турмуштун чындыгы ачуу, жашоодо ийгиликке жетише албай, адилетсиздикке кабылып, кайгырган учурлар да болот. Мындай учурда күчтүү эрк, кажыбаган кайрат гана баардык кыйынчылыктарды жеңе алат. Мен Сиздерге ушундай адамдык сапаттарды каалайм. Сиздер менен бирге өлкөбүз, сүйүктүү Бишкек шаарыбыз кыйынчылыктарды жеңээрине ишенем.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сөзүмдүн аягында Сиздердей таланттуу, ийгиликтүү, бийик максаттуу иштерге жөндөмдүү жаштарды тарбиялап, өстүргөн ата-энелерге, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиргим келет. Эч качан алардын Сиздер үчүн кылган улуу эмгегин унутпаңыздар”- деди.

Салтанаттуу кече концерттик программа менен коштолду.

Эске сала кетсек, быйылкы окуу жылында шаардык орто мектептерди 4 655 бүтүрүүчү аяктады. Алардын 75 өзгөчө үлгүдөгү аттестатка татыктуу болушту. “Алтын медалга” татыктуу болгон бүтүрүүчүлөр - шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көптөгөн конкурстардын лауреаттары.