ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Мадина” базарында өрт өчүрүү боюнча тактикалык машыгуулар өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарынын мэриясы Мамлекеттик өрт өчүрүү башкармалыгынын базасында өрт өчүрүү боюнча машыгууларды өткөрдү.

Болжолдонгон өрттүн чыккан жери “Мадина” базарынын борборунда жайгашып, кездемелер контейнери күйүп жатты. Жалын камтыган жалпы аянт 12 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүү боюнча алгачкы аракеттер “Мадина” Соода комплексинин коопсуздук кызматы тарабынан:

-    Базардын ичиндеги өтмө жолдор жабылып, адамдарды эвакуациялоо;
-    Өрттүн очогуна өрт өчүрүүчү машинасынын келиши;
-    Жакынкы өрт өчүрүү үкөктөрүнөн суу берүүнү камсыздоо иш-чаралары  жүргүзүлдү.

Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматына билдирүү 9 саат 34 мүнөттө  келип түштү, 8 мүнөт өткөндөн кийин өрт чыккан жерге Свердлов райондук өрт өчүрүү кызматынын 2 командасы келди. Талаптагы эрежелер так аткарылып, өрт өз убагында өчүрүлдү.

Иш-чаралар аяктаган соң, өрт өчүрүү жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери аткарылган ишке анализ жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө “Мадина” Соода комплексинин имараттары 36 өрт өчүрүү үкөктөрү, ал эми үстү жабылган базар 19 өрт өчүрүү калкандары менен жабдылган.