ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Граффити фестивалы өтүүдө

2014-жылдын 21-июнунда Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз темир жолу” ишканасынын филиалында “АРТ жана ГРАФФИТИ” боюнча VI Эл аралык фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Фестивалдын катышуучуларын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы А.Алиев куттуктап, сертификаттарды тапшырды. Иш-чарага Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Гудрун Срэга жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарымдуу Элчиси Стефан Катта катышты.

Фестиваль жаштардын креативдик потенциалын жана жаштар арасында маданий иш-чараларды өнүктүрүүгө багытталган.

Быйылкы фестивалга Кыргызстандан 8 сүрөтчү, Германия менен Франциядан 8 сүрөтчү катышууда.