Балдардын эмгегин пайдаланууну аныктап, жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө
- Подробности
- Опубликовано 20.06.2014 10:07
2014-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте, райондун аймагында жайгашкан чарба субъекттеринде, балдардын эмгегин пайдаланууну аныктоо максатында комиссиялык рейддерди өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө 15 унаа жуучу пункт текшерилип, балдар жана өспүрүмдөрдүн эмгеги катталган жок, ал эми 9 компьютердик клубдан ата-энесинин уруксатысыз, түнкү мезгилде жүргөн 10 өспүрүм катталды. Компьютердик клубдардын жетекчилиги менен профилактикалык маектер жүргүзүлдү.
Иш-чаралардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна 10 өспүрүм жеткирилип, текшерилип, маектер жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелердин колдоруна тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |