ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 119 кичи автобус иштен четтетилди

2014-жылдын 9-июнунан 20-июнуна чейинки убакытта Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 119 кичи автобус иштен четтетилди.

119 кичи автобустун ичинен 53 кичи автобустун салонунда орундуктар жетишсиз, 45 кичи автобустун тышкы көрүнүшү талапка жооп бербейт, 9 кичи автобустун айнектери сынып, жарака кеткен, 4 кичи автобус оңдоолорду талап кылса, 4 кичи автобустун полунун төшөлгөсү жараксыз деп табылган.

Иштен четтетилген кичи автобустардын 33 кичи автобусу белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди четтетип, ишке кайрадан чыгышты.

Эске сала кетсек, Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу менен 41 фирма алектенет. Шаардык маршруттарга күн сайын 2 636 кичи автобус чыгат.