ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

19-июндан тартып шаарга ысык суу берүү башталат

Бишкек шаарынын мэриясы 2014-жылдын 19-июнунан тартып шаарга ысык суу берүү башталарын билдирет. Ысык суу берүү Октябрь районунан башталат.

Ысык суу берүү токтотулган бир ай убакытта “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы тарабынан жылуулук берүү тармактарынын жабдуулары оңдоодон өткөрүлдү. 2067 жылуулук пунктары техникалык кароодон, 494 компенсатор оңдоодон өткөрүлдү жана башка техникалык жабдуулар, запастык бөлүктөр алмаштырылды.

Капиталдык оңдоолор өткөндөн кийин, 12-июндан баштап, жылуулук тармактарында гидравликалык сыноолорду өткөрүү максатында 1-Электр жылуулук борборунан жылуулук тармактарын толтуруулар башталды. Аталган сыноолорду 16-18-июнда өткөрүп, 18-19-июнда пайдалануучуларга ысык суу берүү башталат.

Ысык сууну жиберүүгө байланыштуу “Бишкек жылуулук тармактары” Ачык акционердик коому кошумча суу ысыткычтарды өчүрүүнү жана тиешелүү баардык жабдууларды текшерип чыгууну шаар тургундарына эскертет.