ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Таберик” балдар театрынын отчеттук концерттери

Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгынын базасында, “Таберик” балдар театрынын үч отчеттук концертин уюштурду. Концерттер 14-15-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясында өткөрүлдү.

Өзүнүн 57 жылдык чыгармачылык жолунда, “Таберик” театры Орто Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты чыгармачыл жамаат катары таанылды. Чыгармачыл жамааттын курамына 4 жаштан 17 жашка чейинки 500дөн ашуун таланттуу балдар кирет.

Бүткүл союздук кароо-сынактарда, Эл аралык өспүрүмдөр фестивалдарында, “Артек”, “Барчын” лагерлеринин слетторунда жетишкен ийгиликтери үчүн, “Таберик” балдар театры Ленин комсомолунун сыйлыгына жана “Үлгүлүү балдар жамааты” наамына татыктуу болгон. Театрдын архивинде Москвада өткөн жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк ХХ фестивалынын лауреаты диплому, ар кандай Эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын дипломдору жана башка сыйлыктары сакталып турат.