ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кадрдык жаңы дайындоолор

Анвар Атантаев конкурс өткөрүлгөнгө чейин “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Дайындоо жөнүндө буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.

Анвар Атантаев 1960-жылы туулган, Украина айыл-чарба академиясын аяктаган. Эмгек жолун Ош облустук Өсүмдүктөрдү коргоо станциясынан баштаган, кийин “Кыргыз айыл-чарба химиясында”, Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдаланууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй - Бишкек башкармалыгын жетектеген, Жаратылышты коргоонун  Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2013-жылдын ноябрь айынан тартып КР Өкмөтүнө караштуу Жаратылышты пайдалануу жана токой экологиялык системасынын Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгын жетектеген.