ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык-экологиялык инспекциянын 2014-жылдын 5 айындагы аткарган иштери

2014-жылдын 5 айында Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 2503 чарба субъектти текшерилип, 1920 жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр берилди, анын ичинен 525 эскертүү кургак тиричилик таштандыларын чыгарууга келишимдердин түзүлүшү, 70 эскертүү баш аламандыкта жыйналган таштандыларды чыгаруу, 7 эскертүү жуу иштерин баш аламандыкта жүргүзүү жана1208 эскертүү чарба субъекттерине тиешелүү аянттарды жашылдандыруу боюнча берилген.

Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы боюнча төмөнкү даректерде жайгашкан чарба  субъекттеринде санитардык талаптардын жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталды:
1.Абдрахманов көч., 97                                                                   
2. Ахунбаев көч., 45, «Букара» кафеси
3. Орозбеков көч. – ЧЧК
4. Осмонов көч., 74
5. Асанбай кичи району, 60
6.4-кичи району,  №6-үй, «Үй курулуш» ЖЧК
7.” Дордой” жаңы конушу, №26 –жер тилкеси.
8. Д. Сяопин проспекти, 133, «Кара Шоро» чайханасы

Кийинки текшерүүлөрдө аталган чарба субъекттеринде белгиленген кемчиликтер жоюлган.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын СЭИ кызматынын кызматкерлери М.Ганди көчөсүндө жайгашкан  күйүүчү жана майлоочу майларды сатуучу жеңилдетилген конструкциядагы 6 соодо түйүнүн бузууга катышты. Учурда аталган аймактын абалы канаттандыраарлык.
Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча 676 протокол түзүлүп, 355 материал каралган жана аларга ылайык 909,9 миң сомго айыптар чегерилген.