ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кадрдык жаңы дайындоолор

Динар Турдумалиева Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Дайындоо жөнүндө буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.

Турдумалиева Динар Казакбаевна 1976-жылы туулган, Кыргызстан Эл аралык университетин юриспруденция адистиги боюнча, кийин Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин магистратурасын аяктаган. Бүткүл дүйнөлүк банк, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, ПРООН, USAID сыяктуу эл аралык уюмдардын долбоорлору менен жана КР Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгы, КР экономика министрлигинин Экономикалык өнүктүрүү программалары башкармалыгы, Мамлекеттик инвестиция комитети сыяктуу мамлекеттик түзүмдөрдө   иштөө боюнча бай тажырыйбага ээ.