ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарда балдардын спорттук аянтчасы ачылды

2014-жылдын 11-июнунда Свердлов районунун Аламүдүн-1 кичи районунда балдардын спорттук аянтчасынын салтанаттуу  ачылышы өткөрүлдү.

Балдардын спорттук аянтчаларын куруу иш-чаралары, Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Газпром нефть Азия” Жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн  “Шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана көрктөндүрүү жөнүндө” келишиминин алкагында ишке ашырылууда.

Аталган келишимдин алкагында шаарда 20 дан ашык балдардын спорттук аянтчаларын куруу белгиленүүдө.

Иш-чарага шаар башчысы К.Кулматов, “Газпром нефть Азия” компаниясынын башкы директору Б.Абилдаев жана Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө: “Бишкек шаарынын мэриясы балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден-соолугун чыңдоо, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо, массалык спортту өнүктүрүү багытындагы иш-чаралар күчөтүлөт”,- деп белгиледи.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда балдарга бал муздак жана таттуу белектер берилди.

2014-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоону башкаруу боюнча шаардык комиссиянын кеңешмеси болуп өттү