ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоону башкаруу боюнча шаардык комиссиянын кеңешмеси болуп өттү

Кеңешменин күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди:                                           
-Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык абал;                                                                                     
-2014-жылдын башынан тартып калк арасындагы кургак учук жана ВИЧ/СПИД оорулары боюнча көрсөткүчтөр.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан, акыркы 5 ай ичинде шаардык балдар бакчаларында, мектептерде медициналык тейлөөнүн абалы жана шаардагы тазалыктын сакталышы, баш аламандыкта соода кылууну жоюу боюнча 545 рейддик текшерүүлөр өткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын башталышынан бери Бишкек шаары боюнча паратиф, корь, дифтерия, полиомиелит, кутурма, сибирь жарасы, малярия оорулары менен ооругандар катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу вирустук гепатит “А”, бруцеллез, кургак учук ооруларынын азайышы белгиленди.

Кургак учук менен ооругандарды аныктап, аларга социалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.