ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИШКЕК ШААРЫНЫН ҮЙ-БҮЛϴЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР БОРБОРЛОРУ 37 519 АЙЫМДАРДЫ АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ϴТКϴРДҮ

2014-жылдын 12-майынан 30-майына чейин Бишкек шаарында “Энелердин саламатчылыгы – мамлекеттин ийгилиги” деген аталыштагы акция ɵткɵрүлдү.

Акысыз медициналык кароолор 3 жума ɵткɵрүлүп, кеңештер берилди.

Акциянын жүрүшүндɵ 37 519 айым текшерүүдɵн ɵткɵрүлүп, алардын 23 789 тɵрɵт курагындагы айымдар, ɵспүрүм кыздар - 5 200, 50 жаштан жогорку курактагы аыймдар – 8 630, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар – 1 019, ошондой эле 712 айым үйүнɵн текшерилди.

Кандын биохимиялык анализдери жана флюорографиянын кɵрсɵткүчтɵрү боюнча  8 633 айымдан ар кандай оорулар аныкталды.

Гуманитардык жардамдардын алкагында контрацептивдер таркатылды.