ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Жаш канат” хореографиялык ансамбли “Москва досторун күтөт” деген аталыштагы XI Эл аралык конкурска катышты

Үстүбүздөгү жылдын 26-майынан 2-июнуна чейин Россия Федерациясынын борборунда, Владимир Спиваковдун Эл аралык кайрымдуулук фондунун 20 жылдыгына арналган, “Москва досторун күтөт” деген аталыштагы XI Эл аралык конкурс өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөлөр арасындагы достукту чыңдоо болуп саналат.

Фестивалга 24 өлкөдөн эл аралык конкурстардын лауреаттары катышты (Азербайджан, Армения, Болгария, Белоруссия, Вьетнам, Германия, Израиль, Испания, Казахстан, Кытай, Коста-Рика, Латвия, Литва, Македония, Мексика, Россия, Сингапур, АКШ, Таиланд, Өзбекстан, Украина, Франция, Эстония жана Япония).

Фестивалга Кыргызстандан  Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын  №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” хореграфиялык ансамбли катышты. “Жаш канат” ансамбли, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген таланттуу бир жарым миң баланын арасында өткөрүлгөн тандап алуу конкурсунан ийгиликтүү өтүп, В.Спиваковдун Эл аралык кайрымдуулук фондунун чакыруу-сертификатына ээ болду. Конкурста “жаш канатчылар” ансамблдин көркөм жетекчиси К.Фаткулин койгон “Жайлоодо” композициясын көрсөтүштү.

Фестивалдын соңунда катышуучуларга күбөлүктөр, алкоо каттары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.